Парламентте электрондук тамекиге толугу менен тыюу салуу сунушталды

Парламентте электрондук тамекиге толугу менен тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ кабыл алынса, электрондук тамеки чеккендер 40 миң сомго чейин айыпка жыгылат.

 

Ал эми аларды сатуу үчүн физикалык жактар 50 миң сомго, юридикалык жактар 65 миң сом айып төлөйт.

 

Өлкөгө товарды киргизүү үчүн 200 миң сомдук айып же 2 жылга чейин эркинен ажыратуу каралат.  Мыйзам демилгечилери билдиришкендей, соңку жылдары мектеп окуучулары арасында электрондук тамеки чегүү популярдуу болууда.