Бишкекте бүгүн 1 миңден ашык автобус каттамга чыкты

Бишкекте бүгүн 1 миңден ашык автобус каттамга чыкты. Муниципалитеттен билдиришкендей, андан тышкары, 41 троллейбус жана мурдагы троллейбус каттамдарын тейлеген 46 автобус иштеп жатат.

 

Ошондой эле 300 кичи маршруттук автобус чыкты.  Жаңы окуу жылынын башталышына карата ар бир автобус каттамына ортодогу аралыкты азайтуу жана жүргүнчү агымы көбөйгөнүн эске алуу менен 2-3 автобустан кошулду.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.