Бишкекте батирлерди ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды

Бишкекте батирлерди ижарага берип, бирок салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталды. Мэрия маалыматы боюнча, батирин ижарага бергендер айына 1 чарчы метр үчүн 30 сомдон, жер тамдарга 40 сомдон салык төлөшү шарт.

 

Андан тышкары, Соцфондго 919 сом төгүп, камсыздандыруу полисин алышы керек. Болбосо, жеке жактарга 7 миң 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салынат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.