Бүгүн Бишкектин бир катар аймагында таза суу жок болот

Бүгүн Бишкектин бир катар аймагында таза суу жок болот. “Бишкек суу каналы” ишканасынын маалыматы боюнча, кечки саат 9га чейин суу Фрунзе, Дэн Сяопин, Москва, Асаланиев көчөлөрүндө, Жибек Жолу, Чүй проспектилеринде жана Жаш Гвардия бульварында өчүрүлөт.

 

Убактылуу чектөөлөр “Батыш-2” суу дарбазасындагы оңдоо иштерине байланыштуу.