Нарын шаары электробус сатып алат

Нарын шаары электробус сатып алат. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Ага ылайык, аталган калаа мэриясы электр кубаты менен жүргөн 5 автобус сатып алууга 73 миллион сомдон ашык багыттайт.

 

Андан тышкары, 3 кубаттоочу жабдуу алуу пландалууда. Арыздар 14-июлга чейин кабыл алынат.