Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында “скрипканын ханзаадасы” атыккан Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт туризм жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 29-августта болот.
«Бул концерт классикалык музыканын бардык күйөрмандары үчүн чыныгы музыкалык майрам жана дээрлик 300 жыл болгон Страдивари скрипкасынын үнүн угууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат маалыматта.