Эртең Бишкекте жаңы жылдык президенттик балаты өтөт

Бишкекте 22-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы жылдык балаты өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Балаты майрамы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулуп, ага республиканын бардык аймагынан 650гө жакын бала катышат.