Чолпон-Атада «Мейкин Азия» эл аралык фестивалы старт алды

18-августта Чолпон-Ата шаарында популярдуу музыка аткаруучулардын «Мейкин Азия» III эл аралык фестивалы старт алды.

 

Фестивалдын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия, Түркия, Түндүк Кипр, Босния жана Герцоговина, Россия, Болгария, Түндүк Македония, Словения жана Сербия мамлекеттеринен келген 18 жаштан 35 жашка чейинки таланттуу жаш эстрада ырчыларынын конкурсу өтөт.

Жалпысынан сынакка дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 17 талант катышат.

 

Мындан тышкары, ата мекендик жана чет элдик белгилүү аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартууламакчы.

 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун айтымында, популярдуу музыка аткаруучулардын «Мейкин Азия» эл аралык фестивалы биринчи ирет 2013-жылы, андан соң 2015-жылы өткөн.

 

«Фестивалды уюштурууда 2 жылда бир өткөрүү пландалган. Бирок каражаттын жоктугунан фестиваль 8 жылдан бери өткөрүлбөй келет», — деди ал.

Фестиваль үчүнчү ирет Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп, ал КР министрлер кабинети, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан колдоого алынган.