Бишкекте билим берүү мекемелеринде пландалган бардык оңдоо иштери аяктады

Бишкек шаарында бардык пландаштырылган билим берүү объектилеринде ар кандай татаалдыктагы жана деңгээлдеги оңдоо иштери аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштери мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, борбор калаанын муниципалитети дагы бир нече билим берүү объектилерин оңдоого кошумча каражат тартты. Жаңы титулдук тизме боюнча учурда окуу процессине тоскоол болбогон мекемелерде оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө оңдоо иштери №51, 171, 135, 61 бала бакчаларында, ошондой эле №34, 55, 60 Орок жана Новопавловка мектептеринде жүргүзүлүүдө.

Окуу процесси борбор калаанын мэриясынын билим берүү департаментинин көзөмөлүндө. Айрым бала бакчалар жана мектептер оңдоого жабылгандыктан, балдарды жакынкы билим берүү мекемелерине бөлүштүрүү иштери жүргүзүлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.