12-13-октябрда Бишкектеги бардык билим берүү уюмдары аралыктан окушат

12-13-октябрда Бишкектеги бардык билим берүү уюмдары аралыктан окушат.

 

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлады. Буга чейин мэрия ордо калаада 12-13-октябрда мектептер онлайн режимге өтөрүн маалымдаган.

 

Билим берүү министрлигинин чечимине ылайык, бул күндөрү студенттер дагы аралыктан окумай болду. Ал эми бала бакчалар иштебейт. Эске салсак, бул күндөрү Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт.