Бишкекте бул жумада “Маяк” рейди жүрөт

Бишкекте бул жумада “Маяк” рейди жүрөт. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын максаты – айдоочуларга медициналык тез жардам жана  өрт өчүрүү кызматтарынын унааларын өткөрүү канчалык маанилүү экенин эскертүү.

 

Атайын транспорттун белгилерине баш ийбеген айдоочулар 10 миң сомго айыпка тартылат.