Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылына ачылды

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылына ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, капиталдык ремонт иштери анын Ибраимов – Айтматов жана Абдрахманов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкелеринде жүргүзүлдү.

 

Муниципалитеттен белгилешкендей, Чүй проспектисинин аталган бөлүгүндө иштер белгиленген мөөнөттөн бир айга эрте жыйынтыкталды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.