Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды. Төрт кабаттуу үй аскер шаарчасынын аймагында курулду. 36 батирлүү үйдүн курулушуна каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

 

Жаңы турак-жай комплексинде көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө жылытуу системасы, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган.