Бишкектин жашоочулары шаардагы жолдордун абалы тууралуу мэрияга түз маалымдай алышат

Бишкектин жашоочулары шаардагы жолдордун абалы тууралуу мэрияга түз маалымдай алышат. Мэрия билдиргендей, көчөлөрдөгү абал тууралуу маалыматтарды топтоп, көйгөйдү тез арада жоюу максатында ыкчам байланыш каналы уюштурулду.

 

Ал аркылуу жашоочулар жолдордун абалы тууралуу сүрөт жана видеолорду жөнөтө алышат. Андан соң тиешелүү департамент жолдун талкаланган жерин оңдойт.

Байланыш номерлери:
Октябрь району, Азамат Осмоналиев, 0708 83 83 23, 0312 53 03 15;
Ленин району, Кубаныч Шаршембеков, 0555 31 21 85, 0312 53 03 15;
Биринчи май району, Бакберген Мамыр уулу, 0500 500 257, 0312 53 03 15;
Свердлов району, Талант Бөрүбаев, 0707 65 17 17, 0312 53 03 15.