Бишкекте Горький көчөсүнүн кезектеги тилкеси бүгүн капиталдык оңдоо иштерине жабылат

Бишкекте Горький көчөсүнүн кезектеги тилкеси бүгүн капиталдык оңдоо иштерине жабылат. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Панфилов-Тыныстанов көчөлөрүн бириктирген тилкеси тууралуу болуп жатат.

 

Бул жерде асфальттын катмары жаңыртылып, бордюрлар жана ирригациялык система орнотулат. Ал эми Горький көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки тилкесинде капиталдык оңдоо иштери аяктады.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.