Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча абалга түшүндүрмө берди

Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифтери боюнча абалга түшүндүрмө берди.

 

Эске салсак, кечээ, 23-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда вице-мэр Мирлан Байкончоков ордо калаада автобустар өзүн акташы үчүн жол кирени 25 сомго көтөрүү керектигин билдирген.

 

Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, бул жаңы транспорттун өзүн өзү акташы боюнча гана берилген маалымат. Шаар бийлиги тарифтерди көтөрүүнү пландаган жок.