Бишкектин борбордук бөлүгү кийинки жылы маршруттук таксилерден бошотулат.
Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, ордо калаага 1 миңден ашык автобус келгенден кийин, маршруткалар борбордук бөлүктө каттабай калат.
Кеп Курманжан Датка – Түштүк магистраль – Садырбаев – Жибек Жолу көчөлөрүн бириктирген тилке тууралуу болуп жатат. Сазыкулов кошумчалагандай, 1 миң 300 автобус кийинки жылдын экинчи жарымында келет деп күтүлүүдө.