Бишкекте “Күзгү патруль” акциясы башталды

Ретро FM радиосу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте Бишкекте акция баштады. Анын алкагында жолдо жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

 

“Күзгү патруль” акциясы бүгүн, 16-сентябрдан тарта 29-сентябрга чейин уланат. Ага ордо калаанын бардык каалоочулары катыша алат. Ал үчүн 104.5 жыштыгы аркылуу Ретро FM радиосун угуп, сыр сөздү жаттап, шаарда Ретро FM унаасын издөө кажет.

 

Машинени тапкандар 15 литр бензинди белекке алат. Жеңүүчүлөрдү мындан башка дагы көптөгөн белектер күтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.