Амстердамда унааларга саатына 30 чакырымдан ашык ылдамдыкта жүрүүгө тыюу салынат

Амстердамда унааларга саатына 30 чакырымдан ашык ылдамдыкта жүрүүгө тыюу салынат. Жаңы эрежелер кышында киргизилип, жолдордун дээрлик 80 пайызына тиешелүү болот.

 

Айрым тилкелерде ылдамдык режимин коомдук транспорт дагы сактап жүрүшү керек. Мындай чара менен жергиликтүү бийлик жол кырсыктарынын санын азайтуу ниетинде.