Кыргызстанга 30 миң 500дөн ашык унаа алып келинди. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан мартка чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлуштү.
Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул көрсөткүч 4 эсе көп. Жалпысынан өлкөгө ташылган унаалардын баасы 300 миллион долларды түзөт.
Машинелердин басымдуу бөлүгү АКШ, Түштүк Корея, Япония, Россия жана Грузиядан импорттолот.