Бишкекте кыздар арасында футбол боюнча Азия кубогу өтөт

Бишкекте футбол боюнча кыз-келиндер арасында Азия кубогу өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.
Билдирмеге ылайык, Азия кубогу – 2024 оюнунун биринчи тандоо турунун мелдештери Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 6-марттан 10-мартка чейин болот.
Кыргызстандын футбол боюнча кыздар курама командасы С тайпасынан чыгып, андан ары мелдешке катышуу үчүн Гуам жана Австралиянын командалары менен беттешет. Тандоо турниринин оюндары Азия кубогунун финалынын катышуучуларын аныктоо максатында өткөрүлөт. Тандалган он тайпанын жеңүүчүлөрү кийинки жылы Өзбекстанда өтө турган Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө катышат.
Беттештер өтчү күндөр жана убактысы:

6-март – Гуам – Австралия;

8-март – Кыргызстан – Гуам;

10-март – Австралия – Кыргызстан.

Беттештер саат 20:00дө башталат, кирүү акысыз.