Мамлекеттик ишканалар тапкан кирешесин республикалык бюджетке берүү милдетинен 3 жылга бошотулду.
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев парламентте билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик ишканаларга материалдык-техникалык базасын чыңдап алуу үчүн 3 жылдык жеңилдик берилет. Белгилеп кетсек, буга чейин мамлекетке караштуу ишканалар кирешесинин 50 пайызын республикалык бюджетке которуп келген.