Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май саткандар текшерилип жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматы өрт кырсыгынын алдын алуу максатында Бишкек шаарында рейд жүргүзүүдө. Анын натыйжасында мыйзамсыз күйүүчү жана майлоочу май саткандар аныкталып, жалпысынан 565 литр күйүүчү май конфискацияланды. ӨКМ акыркы мезгилде «күйүүчү-майлоочу майды өрт коопсуздук эрежесин сактабай, желим бөтөлкөлөргө куюп жол жээктеринде саткандар көп кездешип жатканын» белгилеп, аларга административдик чаралар көрүлөрүн эскертти.

 

Кийинки күндөрү Токмокто, айланма жолдо, Маевка айылы тарапта, башка бир катар жерлерде жол бою желим идиштерге бензин куюп саткандар көбөйдү.