Бишкекте карызы бар 5 миңдей абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкектин электр тармактары ишканасы электрге карызы бар 4800 абоненттин жарыгын 29-июндан тартып өчүрө турганын эскертти.

Бул тууралуу маалымат мекеменин социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыяланды.

 

Мекеме февраль-март айларында 7 миңдей колдонуучуга ушундай эскертүү берген. Андагы маалыматтарда кыш күндөрү суук болгондуктан карызы бар абоненттердин электр энергиясы өчүрүлбөгөнү айтылган.

 

Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте электр энергиясын колдонуучулардын көп бөлүгүнө автоматташтырылган маалымат-эсептөөчү көзөмөл системасынын (Автоматизированная информационно-измерительная система контроля и учета электроэнергии – АИИС КУЭ) эсептегичтери коюлган. Ал жабдуулар карызы бар абоненттердин жарыгын аралыктан өчүрүп коюуга мүмкүндүк берет.

 

“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасынын жыл башындагы маалыматына ылайык, өлкөдөгү энергокомпаниялардын 1 млн. 524 миңден ашуун абоненти бар. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.

Кыргызстанда 2022-жылы 13,85 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, 15,9 млрд. кВт/саат керектелген. Дефицит импорт аркылуу жабылган.

2023-жылы керектөө 17 млрд. кВт/саат болот деп эсептелип жатат. Эң ири “Токтогул” суу сактагычында суу аз болуп жаткандыктан өндүрүү быйыл 15 млрд. кВт/саатка жетпей калышы мүмкүн деп болжолдонууда. Ушул күндөрү суу сактагычта 9,5 млрд. куб метр суу топтолгон, бул былтыркыдан 2,5 млрд. куб метрге аздык кылат.