Бишкекте Осмонкул көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылына жабылды. Мэриядан билдиришкендей, анын Никитин көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки тилкесинде жылуулук тармактарын оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Жумуштар күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында жасалат. Ремонт 13-сентябрга чейин уланат. Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо үчүн башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.