Бишкекте үч коомдук транспорттун маршруту өзгөрдү

Бишкекте бир нече коомдук транспорт маршрутун өзгөрттү.
Мэриянын маалыматына караганда, чечимдер шаардык каттамдарды ачуу, өзгөртүү жана жабуу маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйынында кабыл алынган.
№18 автобустун кыймылынын схемасын жарым-жартылай өзгөртүү (Кызыл-Туу айылы — «Ош» базары);

№234 маршрутту Төкөлдөш конушуна чейин (Виноградная көчөсүнө чейин) узартуу;

№233 маршрутту Чүй облустук ооруканасына чейин узартуу.

Акыркы эки учурда линияда маршруткалардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу каттамдар өзгөртүлгөн.
Коомдук транспорттун иштеши боюнча суроолор болсо, (0502) 20-52-02 WhatsApp номерине кайрылууга болот.