Бишкекте жаңы №5 автобус каттамы иштей баштады

Бүгүнтөн тарта Бишкекте жаңы №5 автобус каттамы иштей баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, ал ушул эле номердеги троллейбусту алмаштырып, Жал кичи районунан Тунгуч кичи районуна чейин жүрөт.

 

Бирок Горький көчөсүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу автобус учурда Медеров көчөсү менен убактылуу каттап жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.