Бишкекте жаңы ачылган троллейбус каттамы кайрадан жабылды

Бишкекте жаңы ачылган троллейбус каттамы кайрадан жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Шаар бийлиги Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1ге чейин жүргөн троллейбусту алуу чечимин кабыл алды.

 

Буга бир нече себептер аталды – кирешенин аз түшкөнү, айдоочулардын жетишсиздиги жана окшош автобус каттамы болгону.