Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери 31-октябрга чейин аяктайт

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо иштери 31-октябрга чейин аяктайт. Бул тууралуу 24 агенттигине мэриядан билдиришти. Муниципалитеттен ишендиришкендей, Горький, Юнусалиев көчөлөрүндө асфальттын жаңы катмарын төшөө, бордюрларды орнотуу иштери 15-октябрда жыйынтыкталат.

 

Ал эми Жибек Жолу проспектиси — 31-октябрга чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Учурда анын Тоголок Молдо – Сүйүмбаев тилкесинде калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.