Чүй облусунда сугат суусун көзөмөлдөө үчүн атайын датчиктер орнотулду

Чүй облусунда сугат суусун көзөмөлдөө үчүн атайын датчиктер орнотулду.

 

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, аппараттар Кыргызстандын сугат чарба илим-изилдөө институтунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан.

 

Шаймандар суунун бетинде чагылдырылган ультра үн импульстарын чыгарат. Алар импульстардын чагылуу убактысын жазып, андан кийин бул маалымат компьютерге кирет. Система каналдардагы суунун деңгээли боюнча ыкчам маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.