Бишкек мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 2,5 млн. сом айып салды

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы көрктөндүрүү эрежелерин бузган 206 фактыны аныктады.
Рейд 1-апрелден 5-апрелге чейин жүргүзүлүп, эреже бузгандарга жалпы 2 миллион 447 миң 500 сом айып салынган.
Мэрия бул боюнча тартип орнотуу иштери уланып жатканын белгиледи.
«Көпчүлүк учурда жеке жана юридикалык жактар унааларды туура эмес токтотуп, жашыл аянтчаларды бузуп, тегерек-четинин абалына көз салбай, курулуш компаниялары асфальт-бетон төшөлмөсүн бузуп жатат. Эреже бузгандар айып пулду өз убагында төлөбөсө ал айыптын үстүнө кошумча айып салынат», — дешти мэриядан.
Шаар бийлиги жашоочулардан көрктөндүрүү эрежелерин сактоону өтүнөт.