Бишкекте “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жана билим берүү системасынын 100 жылдык мааракесинин алкагында өтүп, 5-октябрга чейин уланат.
Маалыматка ылайык, биринчи орун алган мугалимге Бишкектен батирдин ачкычы тапшырылат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.