Кыргызстанда кийинки жылы 212 мектеп, 50 бала бакча ачылат.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курултайда билдирди. Анын айтымында, 2025-жылга чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат.
Бала бакчалардын профилдери өзгөртүлүп, дагы 122 миң бала камтылат. Өкмөттүн маалыматында, Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт.