Бишкектеги Көлмө конушунда китепкананын курулушу уланууда

Бишкектеги Көлмө конушунда китепкананын курулушу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, үч кабаттуу китепкананын окуу жана абонемент бөлмөлөрү бар, биринчи жана экинчи кабаттарда 78 адамга чакталган окуу залдары болот.

 

Учурда китепкананын 1-кабатына кыш кыноо, ал эми 3-кабаттын полун бекемдөө иштери жүрүп жатат.