“Бишкектеплосеть” квитанциялар боюнча түшүндүрмө берди

“Бишкектеплосеть” абоненттерине август айы үчүн эки квитанция берилди. Төлөм бир, эки күндүк айырма менен жеткирилди.

 

“Бишкектеплосеть” бул программалык камсыздоонун бузулушунан улам болгонун билдирди.

 

Компаниянын айтымында, эгерде эки квитанция келсе, төлөмдү кайра берилген эсепке ылайык жүргүзүү керек, анда төлөмдөр боюнча туура маалыматтар камтылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.