Жалал-Абадда кароосуз калган сквер реконструкцияланууда

Жалал-Абад шаарынын Байзаков проспектисиндеги кароосуз калган сквер реконструкцияланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда гүлбакчада брусчатка төшөө жумуштары жүрүүдө.

 

«Аянты 8067 чарчы метрди түзгөн скверге алдыда фонтан, жарыктандыруу, жөө адамдар басуучу тротуарлар салынып, отургучтар орнотулат», — деп билдиришти мэриядан.

 

Белгилеп кетсек, аймак буга чейин таштанды басып, кароосуз калган.