Маршруткалар каттамдан алынгандыктан Бишкектин абасынын сапаты эки жылдан бери жакшырууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылга чейин борбордо 3 миңден ашык кичи автобус каттаган. Алардын санын азайгандан кийин дизелдик отундун чыгымдалышы суткасына 100 тоннага кыскарган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.