Бишкектин айрым жерлеринде бүгүн жарык өчөт

Борбор калаанын айрым жерлеринде 30-март күнү жарык өчөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы билдирди.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

9:00-12:00 — Тынчтык проспектиндеги №17 үйдө;

9:00-14:00 — ипподромдун аймагындагы Термечиков көчөсүндө;

9:00-17:00 — Мурманск, Кустанай, Исанов, Чокморов, Токтогул, Москва көчөлөрүнүн бөлүктөрү, Манас проспекти, Жал кичи районундагы №39 үйдө, Садырбаев, Түштүк магистраль, Курчатов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;

9:00-18:00 — Мраморное (Кольцевая, Урожайная, Южная, Целинная көчөлөрү), Маевка (Набережная, Полевая) жана Төмөнкү Ала-Арча (Кыргыз, Логвиненко, Новая көчөлөрү, Средний туюк көчөсү) айылдарында;

9:30-13:00 — Кара-Жыгач (Төө-Ашуу, №1637 участогу) конушунда;

9:30-17:30 — 8-кичи райондогу №42 үйдө, Гоголь, Герцен көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;

9:30-18:00 — Коенкөзов, Совет, Элебаев, Дружба, Карасаев, Медеров, Рязанская, Буденный, Курманжан датка көчөлөрүнүн бөлүктөрү, Чернышевский, Гвардейский туюк көчөлөрүнүн бөлүктөрү;

10:00-17:00 — Курчатов, Веркутинская, Гагарин көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;

12:00-17:00 — Кара-Жыгач (Көк-Ойрок, Ысык-Көл, Жетиген, Кара-Жыгач, Толстой, Чок-Тал, Коңурчак, Кожомкул, Сары-Өзөн) конушунда.