Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, аба-ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек-Ош, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Ош — Сары-Таш — Иркештам унаа жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн.

 

Айдоочуларга бул трассалар менен жүрүүдө этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.