Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүнүн биринчи тилкесинде оңдоо иштери жыйынтыкталды

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүнүн биринчи тилкесинде оңдоо иштери жыйынтыкталды.

 

Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки тилкеси унаа кыймылына ачылды.

 

Бул жерде асфальттын эки катмары төшөлүп, жол чийиндер түшүрүлдү. Ал эми ирригациялык тармактарды өткөрүү жана көрктөндүрүү боюнча иштер улантылат. Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов – Бөкөнбаев тилкесинде оңдоо жүрүүдө.