Эми кыргызстандыктар батир сатып алууда курулуп жаткан объектинин мыйзамдуулугун онлайн текшере алат. Бул боюнча электрондук реестр ишке киргенин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Андан ар бир колдонуучу курулуш объектиси жөнүндө маалыматты эркин ала алат.
Тиешелүү портал ведомствонун расмий сайтында жайгаштырылган.