Кыргызстанда сентябрдын башынан бери АИ-95 бензини 3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.
Алсак, 1-сентябрда күйүүчү май 68 сом 16 тыйын болсо, бүгүнкү күндө анын баасы 71 сом 18 тыйын болууда. АИ-92 болсо 3,5 сомго кымбаттады, учурда күйүүчү майдын литри орто эсеп менен 64,5 сомду түзүүдө.
Дизель майы да артта калган жок. Ай башынан бери анын баасы 3 сомдон ашык жогорулап, 68 сомдон ашты.