Бишкектин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан жети киши Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берди

Бишкектин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан жети киши Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берди. Алардын бири аял, алтоо эркек экенин Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

 

Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот.

 

Бул күнү ошондой эле Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдарда да мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. Ысык-Көлдө  17, Ноокатта 11 киши шайлоодо ат салышуу ниетин билдирип, арыз берди.