Жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна талапкерлерди жылдыруу жыйынтыкталды. Боршайкомдон билдиришкендей, 400дөн ашык талапкер катталды. Жалпысынан 14 айылдык кеңеште 254 депутат шайланат.
Анын ичинен 97 мандат аялдар үчүн бөлүндү. 20-мартка чейин аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин документтерин текшерип чыгышы керек.
Ошол эле күнү үгүт иштери башталып, 8-апрелге чейин созулат. Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарында өтөт.