Кыргызстанда шайлоодо аралыктан электрондук добуш берүү системасы ишке кириши мүмкүн

Кыргызстанда шайлоодо аралыктан электрондук добуш берүү системасы ишке кириши мүмкүн. Бул тууралуу Москвадагы форумда БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

 

Анын айтымында, система өткөн жылы жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда сыноодон өттү. Парламент жаңычылдыкты кабыл алса, добуш берүүнүн мындай ыкмасы акырындап колдонулуп баштайт, — деди Шайлдабекова. Электрондук добуш берүү системасы жарандардын тандоо укугун жакшыртат деп күтүлүүдө.