Бишкектин чечтиндеги Ленинское айылында соода-логистикалык шаарча курулат. Министрлер кабинети кыргыз-кытай инвестициялык макулдашуусуна өзгөртүлөрдү жактырды.
Ага ылайык, логистикалык комплекс эми “Манас соода-логистикалык шаары” деп аталат. Анда курулган турак-жай комплекстеринин 10 пайызы мамлекеттин мүлкүнө өткөрүлөт.
Бул максатта Аламүдүн районунда 456 гектар жер кыргыз-кытай инвестициялык холдингине 49 жылга берилди.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.