Кыргызстанда аскерге жазгы чакырык башталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, 18 жашка толгон жарандар аскердик каттоонун биринчи бөлүгүнө алынып, жалпысынан 3 миңден ашык улан чакырылат.
Алар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук коопсуздук комитетинин жана Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын бөлүмдөрүндө кызмат өтөйт.