Бишкектин муниципалдык коомдук транспортунда бардык жеңилдиктер сакталат

Бишкектин муниципалдык коомдук транспортунда бардык жеңилдиктер сакталат. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.

 

Анын айтымында, автобус-троллейбустарда пенсионерлер, майыптыгы бар жарандар, 7 жашка чейинки балдар жана почта кызматкерлери акысыз жүрө алат.

 

Ал эми жеке автобустар жана маршруттук таксилерде эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин льготалар каралат. Эске салсак, Бишкектин коомдук транспортунда эртеңден тарта тарифтер кымбаттайт.