Айрым автобустарда накталай эмес төлөм кабыл алуу үчүн валидаторлор орнотула элек

Айрым автобустарда накталай эмес төлөм кабыл алуу үчүн валидаторлор орнотула элек. Бул тууралуу 24 агенттигине Бишкек автотранспорт ишканасынын бөлүм башчысы Сатыбалды Хакимов билдирди.

 

Анын айтымында, автобустар өлкөгө жеткирилген учурда жабдуулар калбай калган. Бирок ордо калаадагы жүргүнчүлөрдүн саны кескин өскөнүн эске алып, автобустарды накталай төлөм менен эле линияга чыгаруу чечими кабыл алынган.

 

Эгер жүргүнчүдө “Тулпар” картасы бар болсо, ал жол кире төлөбөй жүрө алат, анткени, ага чейин карталар менен гана төлөм кабыл алынат деп жарыяланган, — деди Хакимов.