Бишкектин Саманчин көчөсүнө жаңы тротуар салынууда

Бишкектин Саманчин көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабында жаңы тротуар салуу иштери жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин тротуар дээрлик жок болгон.

 

Тротуардын ордунда 20дан ашуун күркө жайгашкан. Учурда күркөлөр алынып, 23 тоннага жакын таштанды чыгарылып, ирригация системасын, ошондой эле бордюрларды орнотуу иштери жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.